📅 Апрель 2025-жыл
📍 Кемин району


Жаз-жай айларынын келиши менен шаар тургундары жана калаа коноктору тоолорго жана токойлорго эс алууга көп барышат. Бирок, 2025-жылдын жаз мезгили башталгандан бери токойлордо өрт кырсыктары көбөйүүдө. Акыркы эки ай ичинде тоолуу аймактарда алты жолу өрт кырсыгы катталды.


🔥 Урматтуу шаар тургундары жана коноктору!

Сиздерден чоң өтүнүч — өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактаңыздар!

Өрт коркунучунун сезонунда токойдо төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  1. Күйүп бүтө элек ширеңкенин чийин же тамекинин калдыгын таштоого;
  2. Аңчылык учурунда тез от алуучу материалдарды колдонууга;
  3. Токойго бензин куюлган же майга сиңген чүпүрөктү таштоого;
  4. Автомашинанын кыймылдаткычы иштеп жатканда күйүүчү май куюуга;
  5. Айнектин же бөтөлкөнүн сыныктарын таштоого;
  6. Кургак чөп бар жерде от жагууга;
  7. Дарактын алдындагы чөптү, талаадагы же токойдогу чөптү өрттөөгө.

Эсиңиздерде болсун:

🔥 Өрт — тилсиз жоо!
🔥 Эң негизгиси — өрт кырсыгынын алдын алуу!

5 жооп

  1. Кабарландыруу: tetracycline 500mg for h pylori
  2. Кабарландыруу: doxycycline monohydrate
  3. Кабарландыруу: dexlansoprazole cost without insurance
  4. Кабарландыруу: nexium 24hr capsules
  5. Кабарландыруу: diflucan generic over the counter

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген