🌍 Географиясы жана жаратылышы

Кемин району — Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун чыгыш бөлүгүндө, Түндүк Теңир-Тоонун этектеринде жайгашкан. Райондун географиялык жайгашуусу ар түрдүү ландшафттык зоналар менен өзгөчөлөнөт: бийик тоолор, токойлуу өрөөндөр, дарыялар жана тунук көлдөр аймакка кооздук жана биологиялык ар түрдүүлүк тартуулайт.

Кемин тоо-көлү

Райондун аймагынан Чоң-Кемин жана Кичи-Кемин сыяктуу тоо дарыялары агып өтөт. Алардын нурун чагылдырып, суугат иштерин камсыздап турган бул суулар — аймактын негизги байлыгы. Жалпы сугат аянты 24 266 гектарды түзүп, айыл чарба тармагын колдоо менен эгин, жашылча жана мөмө-жемиш өстүрүүгө шарт түзөт.

Чоң-Кемин дарыясы

2025-жылдын 1-кварталында 12 361 даана ар кандай ийне жана жазы жалбырактуу бак-дарак көчөттөрү отургузулду. Алардын ичинен 3 195 түп Тянь-Шань карагайы жана каштан дарактары Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун боюнда отургузулду. Бул аракеттер «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашууда.

Райондо климат континенталдуу, кышы суук, жайы мелүүн жылуу. Географиялык шарты экотуризмге, альпинизмге, тоо сейилдөөлөрүнө ыңгайлуу. Бийик тоолор менен капталган жапжашыл өрөөндөр жергиликтүү элге да, меймандарга да бейиштей сезилет.

Эскертүү:
Кемин районунун жаратылышы — жаратылыш сүйүүчүлөр, экологдор жана туристтер үчүн чыныгы табигый мурас.