📅 14-апрель 2025-жыл
📍 Кемин району
Бүгүн, 2025-жылдын 14-апрелинде, Кемин районунун тургундарына жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар — башкача айтканда, «Кызыл китептер» тапшырылды.
Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К. Шакиров катышып, тургундарга мамлекеттик актыларды расмий түрдө тапшырды.
Бул иш-чара жер маселелерин тартипке келтирүү жана жарандардын менчик укуктарын бекемдөө максатында өткөрүлдү.



