Кемин районунун экономикасы
Кемин району – өнөр жай, айыл чарба жана жаратылыш ресурстары өнүккөн, Чүй облусунун чыгыш бөлүгүндөгү стратегиялык аймак. Райондун жалпы аянты – 3 500 кв.км, туруктуу калкы – 52 282 адам.
Негизги экономикалык көрсөткүчтөр (2024)
Айыл чарба потенциалы
Райондо дан эгиндери, картошка, жашылча, май өсүмдүктөрү өндүрүлөт. Мал чарбачылык – негизги тармак.
Өнөр жай жана өндүрүш
Райондо алтын өндүрүү, металл иштетүү, мунай зат өндүрүшү, жардыргыч зат өндүрүшү, курулуш материалдары жана электр энергиясын өндүрүү ишканалары иштейт.
Туризм жана тейлөө
Чоң-Кемин өрөөнү, тоо-кен ресурстары жана транспорттук жеткиликтүүлүк туризмдин жана инвестициянын өсүшүнө шарт түзөт.
Социалдык-экономикалык абал
Райондо 29 мектеп, 25 бала бакча, 1 кесиптик лицей иштейт. Саламаттык сактоо мекемелери, социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана инженердик инфраструктура (413 км суу түтүк, 423 км жол) калкты тейлейт.