Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын ички кадрлар резервине ачык конкурс төмөнкү максатта өткөрүлөт:
– административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобундагы бош кызмат орундарын толтуруу үчүн.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
- 21 жаштан кем эмес болууга;
- Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
– жогорку билим (профилине карабастан);
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта кеминде 1 жылдык иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы.
Негизги тест үчүн милдеттүү түрдө билүүчү ченемдик укуктук актылар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтик нускамасы.
Предметтик тест үчүн милдеттүү түрдө билүүчү ченемдик укуктук актылар:
– Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамы;
– «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Мыйзам;
– Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
– Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы;
– «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзам;
– Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы.
4) Кесиптик компетенциялар (билим берүү багыттарына ылайык):
4.1. Билимдер:
– компьютер жана кеңсе программаларын мыкты деңгээлде билүү;
– мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерди аткарууга жетиштүү деңгээлде билүү.
4.2. Жөндөмдөр:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды жана суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
– кызматтык милдеттерге ылайык ишмердүүлүгүн натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана жооп даярдоо;
– мамлекеттик жана/же расмий тилде иш кагаздарын жүргүзүү;
– командада иштөө;
– чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштетүү;
– маалыматтарды чогултуу жана талдоо;
– демилгелүүлүк, жоопкерчилик;
– маалымат базалары менен иштөө.
4.3. Көндүмдөр:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– электрондук маалымат базалары менен иштөө;
– процесстерди структуралык моделдөө;
– маалыматтык-аналитикалык документтерди түзүү;
– маалыматты чогултуу, системалаштыруу жана жалпылоо;
– презентацияларды жана окутуу семинарларын уюштуруу жана өткөрүү;
– уюштуруу иштерин жүргүзүү;
– тапшырмаларды пландаштыруу жана жыйынтыктарды баалоо;
– тапшырмаларды ыкчам аткаруу;
– аналитикалык документтерди даярдоо.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер (скоросшивательге тиркелип, «Иш №» деп белгиленип) төмөнкү тартипте тапшырылат:
- мамлекеттик кызматтын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;
- резюме (электрондук почта дареги жана телефон номери көрсөтүлсүн), автобиография;
- негизги жана кошумча билимди тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо), нотариалдык же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо), нотариалдык же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн;
- илимий даража жана илимий наам жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо);
- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурс учурунда көрсөтүлөт);
- соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Ачык конкурска кийинки этапка документтери коюлган талаптарга толук жооп берген талапкерлер гана чакырылат.
Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү зарыл.
Документтер 2025-жылдын 9-октябрынан 19-октябрына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кемин шаары, Ленин көчөсү №86
Телефон: 03135 50 557, 0502 33 44 74
Тапшырылган документтер кайтарылып берилбейт.