Кемин районундагы билим берүү мекемелеринде 26-майда өтө турган “Акыркы коңгуроо” салтанатынын тынч жана коопсуз өтүшүн камсыздоо максатында алдын ала алдын алуу иш-чаралары жүрүүдө.
2025-жылдын 20-май күнү Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Жуманалиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү мектеп директорлору менен жыйын өткөрүштү.
Жыйында “Акыркы коңгуроо” күнүнө карата:
- ашыкча акча каражаттарын чогултууга,
- эс алуучу жайларга (табага, пансионат, лагерь ж.б.) барууга,
- кафе-ресторандарда көңүл ачууларды уюштурууга тыюу салынары баса белгиленди.
Мындан тышкары, жайкы каникул маалында окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, ата-энелер жана окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы эскертиldi.
Кемин райондук мамлекеттик администрациясы бардык мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди балдардын коопсуздугун жана адептүүлүгүн камсыз кылууга чакырат.