Бүгүн, 2025-жылдын 26-апрелинде, Кемин районунда жалпы райондук ишембилик уланууда.
Ишембиликке мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана айыл аймактарынын тургундары активдүү катышууда.
Иш-чаранын алкагында:
- Көчөлөрдү жана коомдук жайларды тазалоо
- Бак-дарактарды отургузуу
- Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Ишембиликтин максаты — район аймагын таза жана көрктүү кылуу менен бирге, жашоочулар арасында ынтымакты жана жаратылышка болгон жоопкерчиликти арттыруу.
Ишембилик иштери Кемин районунда алдыдагы күндөрү да улантылат.