You are currently viewing 📰 Кызыл китептер тапшырылды

📰 Кызыл китептер тапшырылды

📅 14-апрель 2025-жыл
📍 Кемин району

Бүгүн, 2025-жылдын 14-апрелинде, Кемин районунун тургундарына жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар — башкача айтканда, «Кызыл китептер» тапшырылды.

Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К. Шакиров катышып, тургундарга мамлекеттик актыларды расмий түрдө тапшырды.

Бул иш-чара жер маселелерин тартипке келтирүү жана жарандардын менчик укуктарын бекемдөө максатында өткөрүлдү.