Кемин районунда калкты социалдык маанидеги азык-түлүктөр менен туруктуу жана жеткиликтүү камсыз кылуу максатында кезектеги баа мониторинги жүргүзүлдү. Мониторинг иш-чарасына Кемин районунун акими К.Тутуев өзү катышып, соода түйүндөрүндөгү баа саясаты менен жеринде таанышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ун, нан, шекер, өсүмдүк майы, күрүч сыяктуу негизги керектелүүчү азык-түлүктөрдүн, ошондой эле уй жана кой эттеринин баалары каралып, алардын рыноктогу орточо наркы талдоого алынды. Соода жайларындагы камсыздоо абалы, товарлардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү да өзгөчө көңүл борборунда болду.
Мониторингдин алкагында соодагерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, негизсиз баа жогорулатууга жол бербөө, товарларды үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана санитардык талаптарды сактоо зарылдыгы эскертилди. Ошондой эле баа туруктуулугун камсыз кылуу боюнча мыйзамдык талаптар тууралуу маалымат берилди.
Азык-түлүк рыногунда баанын туруктуулугун сактоо жана калктын социалдык жактан корголушун камсыз кылуу багытындагы мониторинг иштери мындан ары да туруктуу негизде улантылат.



