Кемин районунда алдыдагы айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү маселеси боюнча маанилүү жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага район аймагындагы тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, каттоо иштерин уюшкандыкта өткөрүү багытында бир катар маселелер каралды.
Жыйынды Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары А. Дубанаев алып барып, айыл чарба каттоосу мамлекеттик маанидеги иш-чара экендигин баса белгиледи. Ал каттоону өз мөөнөтүндө, так жана сапаттуу өткөрүү ар бир жооптуу кызматкердин милдети экенин айтып, даярдык иштерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө каттоочуларды тандоо жана окутуу маселелери, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү, калк арасында кеңири түшүндүрүү жүргүзүү, баннерлерди жайгаштыруу жана уюштуруучулук-техникалык маселелер кеңири талкууланды. Ошондой эле жер-жерлерде координацияны күчөтүү жана жоопкерчиликти так бөлүштүрүү маселелери каралды.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилип, айыл чарба каттоосун жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү милдети коюлду. Райондун аймагында каттоо иштери тактык жана уюшкандык менен жүргүзүлүп, толук жана ишенимдүү маалыматтар топтолот деп белгиленди.

