2025-жылдын 24-октябрында Кемин районунда “1999–2000-жылдардагы Баткен окуясында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерүү” аталышындагы иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими К. Шакиров, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана Баткен окуясына катышкан ардагерлер катышышты.
Эскерүү аземи курман болгон баатырлардын жаркын элесине арналган бир мүнөттүк эскерүү менен башталып, эстеликке гүлчамбарлар коюлду. Сөз сүйлөгөндөр Баткен окуясы Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү жана оор сыноолордун бири болгонун белгилешип, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн жанын курман кылган жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбасын айтышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ардагерлерге ыраазычылык билдирилип, алардын каармандыгы жана мекенчилдиги жаш муундар үчүн үлгү экендиги баса белгиленди. Мекенди коргоо – ар бир жарандын ыйык милдети экендиги айтылып, тарыхый окуяларды эскерүү улуттук биримдикти бекемдөөгө кызмат кылаары белгиленди.




