Бүгүн, 9-сентябрда, Кемин районунун Борду айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) ачылыш аземи болуп өттү. Бул маанилүү социалдык объект Кемин райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен курулуп, айыл тургундарынын саламаттыгын сактоо багытында чоң кадам болуп эсептелет.
Ачылыш аземине Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А. Джуманалиева, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты. Сөз сүйлөгөндөр жаңы ФАП айыл эли үчүн абдан керектүү объект экенин белгилеп, медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн айтышты.
Жаңы салынган имарат заманбап талаптарга ылайык жабдылып, керектүү шарттар менен камсыздалган. Эми айыл тургундары алгачкы медициналык жардамды өз аймагында алып, убаракерчилик жана алыстык маселелери азаят.
Бул объект саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу багытындагы иштердин уландысы болуп саналат. Мындан ары да райондун аймактарында социалдык инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер улантылат.



