Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Асель Джуманалиеванын жетекчилигинде түзүлгөн комиссия райондогу билим берүү мекемелеринин 2025–2026-окуу жылына карата даярдыгынын жүрүшүн текшерди.
Текшерүүнүн алкагында райондогу 30 мектеп жана 25 бала бакча кыдырылып каралды. Комиссия тарабынан объектилердеги капиталдык жана утурумдук оңдоо иштеринин сапаты, санитардык абал, коопсуздук талаптарынын сакталуусу, жылытуу системаларынын даярдыгы жана айланасын көрктөндүрүү иштери бааланды.
Учурда көпчүлүк билим берүү мекемелеринде имараттарды оңдоо, сырткы жана ички жасалгалоо иштерин жүргүзүү, короолорду иретке келтирүү, айланасын тосуу жана жашылдандыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Ошондой эле тиешелүү шарттарды камсыз кылуу максатында материалдык-техникалык базаны чыңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Комиссия тарабынан айрым кемчиликтер боюнча тиешелүү жетекчилерге эскертүүлөр берилип, жаңы окуу жылына чейин толук бүтүрүү тапшырылды. Бардык иштер жаңы окуу жылы башталганга чейин жыйынтыкталып, окуучуларды жана тарбиялануучуларды кабыл алууга толук даяр болушу күтүлүүдө.
Жаңы окуу жылын уюшкандыкта жана коопсуз шартта баштоо – район жетекчилигинин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.




