Кеминде жаңы өнөр жай объектиси ачылды

540104453 18061726973610531 641725191416096785 n

Бүгүн, 2025-жылдын 29-августунда, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен “Учкун ЖМ” өнөр жай комплекси расмий түрдө ачылды.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары А. Байбалаев, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары С. Исманов, Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Ж. Жумабеков жана “Учкун ЖМ” ишканасынын жетекчиси А. Омокеева катышты.

Жаңы өнөр жай комплекси жардыруучу материалдарды өндүрүү жана жардыруу иштерин ишке киргизүүчү заманбап системаларды чыгарууга багытталган. Ишкана коопсуздук талаптарына толук жооп берген технологиялар менен жабдылып, өндүрүш процессинде заманбап стандарттар сакталат.

Долбоордун алкагында 700 миллион сомдон ашык инвестиция тартылып, 100дөн ашык жаңы жумушчу орун түзүлдү. Бул өз кезегинде райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Өнөр жай объекттерин ачуу – өлкөнүн өндүрүш потенциалын жогорулатуу, инвестиция тартуу жана аймактарды өнүктүрүү багытындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Кемин районунда мындай ири долбоорлордун ишке ашырылышы аймактын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, туруктуу өнүгүүгө шарт түзөт.