Бүгүн, 11-декабрда, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында мамлекеттик тилдин колдонулушун өркүндөтүү жана тил саясатынын аткарылышын талдоого арналган жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Асель Джуманалиева, райондук түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө төрага Мелис Мураталиев мамлекеттик тил тууралуу Мыйзамдын укуктук базасы чыңдалып бүткөнүн белгилеп, азыркы учурда тилди коргоодон көрө, аны колдоого жана күнүмдүк турмушта кеңири колдонууга басым жасоо зарылдыгын айтты. Ал мамлекеттик тилдин коомдогу ролун жогорулатуу, расмий иш кагаздарын, маалыматтык материалдарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле жолугушууда тил саясатынын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, мамлекеттик органдардагы иш кагаздардын жүргүзүлүшү жана коомчулук менен байланышта мамлекеттик тилдин колдонулушу талкууланды. Катышуучулар тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, тиешелүү багыттар боюнча тапшырмалар белгиленди.
Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү – ар бир мамлекеттик кызматкердин жана жарандык коомдун жалпы милдети экендиги баса белгиленип, бул багыттагы иштерди мындан ары да системалуу жүргүзүү зарылдыгы айтылды.



