2025-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Deutsche Reiseverband (DRV) – Германиянын туризм ассоциациясынын ортосундагы кызматташуунун алкагында немец туроператорлорунун делегациясы Кемин районунун туристтик потенциалы менен таанышуу жана аны эл аралык деңгээлде жайылтуу максатында Чоң-Кемин айыл аймагына келишти.
Конокторду Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Ж. Жумабеков тосуп алып, райондун туристтик мүмкүнчүлүктөрү, жаратылыш кооздугу, экотуризмди өнүктүрүү багытындагы иштер жана инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Иш сапардын жүрүшүндө делегация Чоң-Кемин өрөөнүндөгү туристтик объектилерди, конок үйлөрдү, эс алуу жайларын жана экологиялык туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду кыдырып көрүштү. Аймактын табигый кооздугу, тоо ландшафттары жана этнотуризм мүмкүнчүлүктөрү чет элдик адистердин кызыгуусун жаратты.
Жолугушуунун жыйынтыгында туристтик багыттарды Германия рыногунда жайылтуу, кызматташууну кеңейтүү жана жаңы туристтик маршруттарды иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Мындай иш-чаралар Кемин районунун эл аралык туристтик картадагы ордун бекемдөөгө жана аймактык экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


