Кемин районуна – 90 жыл!

554817469 18065516795610531 4073560031405345340 n

2025-жылдын 26-сентябрында Кемин районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган “Кемин кечээ, бүгүн, эртең” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул күн район эли үчүн тарыхый жана маанилүү дата катары кеңири белгиленди.

Иш-чараны Кемин районунун акими К. Шакиров ачып берип, райондун өткөн тарыхына, бүгүнкү жетишкендиктерине жана келечектеги өнүгүү багыттарына токтолду. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева жана оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону К. Осмоналиев куттуктоо сөздөрүн айтып, Кемин элине ынтымак, өсүп-өнүгүү жана жаңы ийгиликтерди каалашты.

Майрамдык программанын алкагында концерттик программа тартууланып, таланттуу ырчы-бийчилер сахнага чыгышты. Улуттук жана заманбап чыгармалар аткарылып, көрүүчүлөргө көтөрүңкү маанай тартууланды.

Ошондой эле агро-өнөр жай көргөзмөсү жана айыл чарба жарманкеси уюштурулуп, райондун өндүрүшчүлөрү жана фермерлери өз продукцияларын сунушташты. Бул көргөзмө райондун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана айыл чарба тармагындагы жетишкендиктерин даңазалады.

Спорттук бөлүгүндө кичи футбол, кыргыз күрөшү жана кол күрөш боюнча турнирлер өткөрүлүп, жаштар жана спортчулар өз чеберчилигин көрсөтүштү.

Бул майрам Кемин эли үчүн тарыхый, маанилүү жана кубанычтуу окуя болуп, райондун биримдигин жана келечекке болгон ишенимин дагы бир ирет бекемдеди.