Кемин районунда бөлүнгөн каражаттарды максаттуу өздөштүрүүнү көзөмөлдөө комиссиясынын отуруму өттү

516940269 18055913483610531 7619532257736972570 n

Бүгүн, 9-июль күнү, Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К. Шакировдун төрагалыгында бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максаттуу, натыйжалуу жана өз убагында өздөштүрүүнү көзөмөлдөө боюнча жумушчу комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

Отурумга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында район аймагында курулуп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилердин жүрүшү талкууланып, каржылоонун өздөштүрүлүшү, аткарылган иштердин сапаты жана мөөнөттөрдүн сакталышы боюнча маалыматтар угулду. Ар бир объект боюнча жооптуу тараптар отчет берип, көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.

Андан соң комиссия мүчөлөрү курулуп жаткан объектилерди жеринен карап чыгып, техникалык абалын жана аткарылган иштердин сапатын текшеришти. Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым кемчиликтерди жоюу жана иштерди ыкчамдатуу боюнча так тапшырмалар берилди.

Бөлүнгөн каражаттарды ачык-айкын жана натыйжалуу пайдалануу — район жетекчилигинин башкы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул багыттагы көзөмөл иштери мындан ары да туруктуу негизде жүргүзүлөт.