27ноябрда Кемин районунда Президенттин фондунун каржылоосу менен курулган 11 кичи футбол аянтчасынын ичинен 6 аянтча салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Бул маанилүү долбоор райондогу жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүүгө багытталган.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. Джумагазиев, Кемин районунун акими К. Шакиров, ошондой эле жергиликтүү аксакалдар, тургундар жана жаш футболчулар катышты. Салтанаттуу ачылышта сөз сүйлөгөн жетекчилер спорттук инфраструктураны өнүктүрүү — келечек муундун ден соолугуна жана тарбиясына салынган инвестиция экенин белгилешти.
Жаңы аянтчалар заманбап талаптарга ылайык жасалма чөп төшөлүп, коопсуздук жана ыңгайлуулук талаптары эске алынып курулган. Бул объектилер жаштардын спорттук чеберчилигин жогорулатууга, бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө жана сергек жашоо образын калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Жаштарыбыздын спорт менен машыгуусуна ыңгайлуу шарт түзүү — район жетекчилигинин негизги багыттарынын бири болуп саналат. Мындай долбоорлор мындан ары да улантылып, райондун бардык аймактарында спорттук шарттарды жакшыртуу иштери жүргүзүлөт.



