Көйгөйлүү маселелер боюнча жыйын өттү

572595427 18069645179610531 3972463748896540653 n

2025-жылдын 29-октябрында Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Ж. Жумабековдун төрагалыгында иш жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана жооптуу кызматкерлер катышты.

Жыйындын күн тартибинде бир катар маанилүү жана актуалдуу маселелер каралды:

🔹 Райондук прокуратура тарабынан киргизилген сунуштамалар жана алардын аткарылышы;
🔹 ЕРН боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү жана уюштуруу маселелери;
🔹 «Санарип аймак» долбоорунун алкагында муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин ишке ашыруу;
🔹 «Курултай – 2025» иш-чарасына даярдыктын абалы;
🔹 «Шайлоо – 2025» боюнча уюштуруу жана даярдык иштери.

Ар бир багыт боюнча жооптуу жетекчилер маалымат берип, жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу отчет беришти. Ошондой эле иштин сапатын жогорулатуу, мөөнөттөрдү так сактоо жана координацияны күчөтүү маселелери баса белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге так тапшырмалар берилип, ар бир багыт боюнча аткарылуучу иш-чаралар жана жооптуу тараптар аныкталды. Коюлган милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча көзөмөл күчөтүлөрү белгиленди.