Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленишине карата Кемин районунун маданият тармагында үзүрлүү эмгектенип жүргөн кызматкерлер Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Сыйлоо аземи жылуу жана майрамдык маанайда өттү. Кемин районунун акими К. Шакиров маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын элдин руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук каада-салтты жана маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү багытындагы эмгегине терең ыраазычылык билдирди.
Өз сөзүндө аким маданият тармагы коомдун руханий негизин түзөрүн белгилеп, маданият кызматкерлеринин чыгармачыл изденүүсү жана талыкпаган эмгеги жаш муундарды тарбиялоодо, патриоттук сезимди бекемдөөдө өзгөчө роль ойной турганын айтты.
Иш-чаранын жүрүшүндө сыйлык ээлерине Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылып, аларга чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана мындан аркы эмгек жолунда жаңы жетишкендиктер кааланды.
Маданият – улуттун жүзү, ал эми маданият кызматкерлери – анын жүрөгү экендиги дагы бир ирет баса белгиленди.

