Пробация кеңешинин отуруму өттү

504883067 18052819901610531 4663027326187533160 n

2025-жылдын 12-июнунда Кемин районунун пробация кеңешинин отуруму Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А. Джуманалиеванын төрагалыгында өткөрүлдү.

Отурумга райондук прокурордун жардамчысы Э. Мааматова жана пробация кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдын I кварталынын жыйынтыктары угулуп, пробация органында каттоодо турган кардарлар менен жүргүзүлүп жаткан иштерге талдоо жасалды. Ошондой эле пробациялык көзөмөлдө турган жарандарды социалдык жактан колдоо, аларды жумуш менен камсыз кылуу, кесиптик багыт берүү жана коомго интеграциялоо маселелери талкууланды.

Катышуучулар тарабынан мыйзам талаптарын так сактоо, кардарлар менен профилактикалык иштерди күчөтүү жана тиешелүү мекемелер аралык кызматташууну жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.

Отурумдун жыйынтыгында пробация органында каттоодо турган жарандарга ар тараптуу жардам көрсөтүү жана алардын кайра социалдашуу процессин натыйжалуу уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.