Райондук коллегия өткөрүлдү

624096673 18079553255610531 1968891308717736392 n

2026-жылдын 29-январында Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А. Джуманалиеванын төрагалыгы алдында коллегиялык жыйын болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары С.Ж. Жантаев катышты.

Коллегиялык жыйында Кемин районунун 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары кеңири талкууланды. Отчеттук мезгил ичинде аткарылган иштер, жетишилген көрсөткүчтөр жана алдыда турган милдеттер каралды.

Жыйындын жүрүшүндө экономика, айыл чарба, социалдык тармак, инфраструктура жана бюджеттик саясат боюнча аткарылган иш-чараларга талдоо жүргүзүлүп, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле 2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттар белгиленип, райондун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча милдеттер коюлду.

Коллегиянын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу зарылдыгы белгиленип, тиешелүү кызматтарга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.