Ыктыярчылар оюнунда Кеминдин Жаштар Кеңешинин жеңиши

602974741 18075002435610531 8778607042724723820 n

Бүгүн Кыргызстандын Ыктыярчылар оюнунда Кемин районунун Жаштар Кеңеши мыкты оюн көрсөтүп, жыйынтыгында ардактуу 3-орунду жеңип алды.

Бул жетишкендик — жаштарыбыздын биримдигинин, жоопкерчилигинин жана тынымсыз аракетинин натыйжасы. Команданын ынтымагы, демилгечилдиги жана жеңишке болгон умтулуусу оюн учурунда өзгөчө байкалды.

Мындай ийгиликтер райондун жаштар саясатынын туура нукта өнүгүп жатканын айгинелейт. Жаштардын коомдук активдүүлүгү жана ыктыярчылык ишмердүүлүгү Кемин районунун аброюн көтөрүп, башка жаштарга да үлгү болууда.

Командабызды чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан да чоң ийгиликтерди каалайбыз!
Кеминдин жаштары менен сыймыктанабыз!