Эл менен жолугуу

515436275 1044263954561961 4103724939400899794 n

Бүгүн, 5-июль күнү, Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К. Шакиров Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Саз-Булак айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери жана айыл аймагынын өкүлдөрү катышты. Айыл тургундары тарабынан инфраструктура, социалдык маселелер, жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөр жана башка көйгөйлөр көтөрүлдү.

Аким тарабынан ар бир маселе боюнча түшүндүрмө берилип, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү. Көтөрүлгөн көйгөйлөрдү ыкчам чечүү жана көзөмөлгө алуу боюнча жооптуу тараптар аныкталды.

Эл менен түз байланыш түзүү жана жарандардын кайрылууларын жеринде угуу – район жетекчилигинин ишиндеги негизги багыттардын бири болуп саналат. Мындай жолугушуулар мындан ары да туруктуу негизде өткөрүлөт.