Кемин районунда айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөт

Об

2026-жылдын 21-февралында Кемин районунда айыл чарба продукцияларынын жарманкеси уюштурулат.

Жарманкеге район аймагындагы дыйкандар, фермерлер жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр катышып, эт жана эт азыктары, сүт жана сүт азыктары, жумуртка, жашылча-жемиштер, бал, ун жана башка керектүү азык-түлүктөрдү элге жеткиликтүү баада сунушташат.

Иш-чаранын максаты — жергиликтүү өндүрүштү колдоо, калкты сапаттуу жана арзан азык-түлүк менен камсыз кылуу, ошондой эле айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү.

Тургундарды жарманкеге активдүү катышууга чакырабыз.