Жаз-жай айларынын келиши менен шаар тургундары жана калаа коноктору тоолорго жана токойлорго эс алууга көп барышат. Бирок, 2025-жылдын жаз мезгили башталгандан бери токойлордо өрт кырсыктары көбөйүүдө. Акыркы эки ай ичинде тоолуу аймактарда алты жолу өрт кырсыгы катталды.
Урматтуу шаар тургундары жана коноктору!
Сиздерден чоң өтүнүч — өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактаңыздар!
Өрт коркунучунун сезонунда токойдо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
Күйүп бүтө элек ширеңкенин чийин же тамекинин калдыгын таштоого;
Аңчылык учурунда тез от алуучу материалдарды колдонууга;
Токойго бензин куюлган же майга сиңген чүпүрөктү таштоого;
Автомашинанын кыймылдаткычы иштеп жатканда күйүүчү май куюуга;
Айнектин же бөтөлкөнүн сыныктарын таштоого;
Кургак чөп бар жерде от жагууга;
Дарактын алдындагы чөптү, талаадагы же токойдогу чөптү өрттөөгө.
Эсиңиздерде болсун:
Өрт — тилсиз жоо! Эң негизгиси — өрт кырсыгынын алдын алуу!